2022-жылы кайсы тармактын кызматкерлеринин маянасы көбөйөрү айтылды

2022-жылы кайсы тармактын кызматкерлеринин маянасы көбөйөрү айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, быйыл медицина,

аскер, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу

пландалууда. Буга чейин айтылгандай окладдар апрелден тартып жогорулайт. Бирок канча

пайызга экени так айтылган жок. Белгилеп кетсек, 2021-жылы 1-июлдан тарта маданият,

искусство жана маалымат кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга өстү. Андан тышкары,

медкызматкерлердин айлыгы 50 пайызга, саламаттыкты сактоо уюмдарынын

техперсоналдарыныкы 40 пайызга жогорулады.