АКШда фри картошкасынын жыты менен атыр чыгарылды

АКШда фри картошкасынын жыты менен атыр чыгарылды. Чет элдик басылмалар жазышкандай, Frites by Idaho аталышындагы атыр картошканын эфир майларынан турат.   Анын 50 миллилитр флаконун 2 долларга сатып алса болот. Баасы символдук түрдө фри картошкасынын бир порциясынын наркында орнотулду. Эми атыр популярдуу болуп кетсе, өндүрүүчүлөр духовкага… Кененирээк…

Ошто мыйзамсыз орнотулган объектилер алынат

Ошто мыйзамсыз орнотулган объектилер алынат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Навои жана Өзгөн көчөлөрүндө рейд жүргүзүлдү. Анын алкагында тротуарларды жаап, жөө жүрүүчүлөргө тоскоолдук жараткан мыйзамсыз соода түйүндөрүн бузуу чечими кабыл алынды.   Мындай объектилерди түрттүрүү иштери жакынкы күндөрү башталат.

Чүй облусунун Кемин районунда прокуратура кызматкерлерине үй курулду

Чүй облусунун Кемин районунда прокуратура кызматкерлерине үй курулду. Башкы прокуратура маалыматына ылайык, 2 кабаттан турган 5 батирлүү турак-жайдын курулушу өткөн жылы жайында башталган.   Кечээ салтанаттуу түрдө үйлөрдүн ачкычтары 5 үй-бүлөгө тапшырылды.

Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу лампа заводунун кубаттуулугу жогорулатылат

Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу лампа заводунун кубаттуулугу жогорулатылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Андан белгилешкендей, учурда завод 30 пайызга гана иштеп келет. Бул өндүрүлгөн лампаларды сатуудагы кыйынчылыктарга байланыштуу. 55 жыл мурда ачылган ишканада электр лампаларынын 40ка жакын түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет.

Кыргызстанга кирүү тартиби өзгөрдү

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанга кирүү тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, вирус жугузуп алгандар менен байланышта болгондор обочолонбой койсо болот.   Ошондой эле коронавируска каршы эмделгендиги тууралуу сертификаты барлар ПЦР-тест тапшырбайт. Бирок вакцина абагандар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү.   Учурда эмдөө… Кененирээк…

Ошто санэпидкөзөмөлдүн директору кармалды

Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин директору (“О.С.М.”) 9-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шек саналып кармалды.   Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызмат адамдары жеке пайданы көздөп контролдук-көзөмөлдөө… Кененирээк…