Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең жана бүрсүгүнү өлкөнүн басымдуу аймактарында кайрадан суук болуп, жаан, кар жаайт.
Тоолуу райондордордогу жолдордо кар күрткүлөр пайда болуп, муз тоңот. Мындай туруксуз аба-ырайы байланыш, транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.