5 облуста өтө турган айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого 24 миллион 683 миң сом сарпталат

5 облуста өтө турган айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого 24 миллион 683 миң сом сарпталат.

БШК чыгымдар сметасын бекитти. Анын ичинде БШКнын чыгымы 14 миллион 687 миң сомду түзөт.

Бул суммага шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштурууга керектеле турган буюмдары

сатып алынат. Ал эми калган 9 миллион 996 миң сом 13 аймактык шайлоо комиссиясына жана

84  шайлоо комиссиясынын тилкесине багытталат. Эске салсак, Чүй, Нарын, Ысык-Көл,

Жалал-Абад жана Ош облустарында жергиликтүү депутаттарды шайлоо 10-апрелге белгиленди.