Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда жүздөгөн кичи ГЭСтер, күн жана шамал электростанциялары ишке кирет

Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда жүздөгөн кичи ГЭСтер, күн жана шамал электростанциялары ишке кирет.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.

 

Ал белгилегендей, биздин  өлкөнүн гидроэнергетика тармагындагы потенциалы болгону 10 пайызга гана колдонулуп келет. Учурга карата 3 кичи ГЭСтин курулушу башталды – Талас облусундагы 25 мегаваттуу “Бала-Саруу”, Нарындагы 21 мегаваттуу  “Орто-Токой” жана Жалал-Абад облусундагы кубаттуулугу 18 мегаватты түзгөн  “Кара-Көл” гидроэлектрстанциялары.