Чүй облусунун Кемин районунда прокуратура кызматкерлерине үй курулду. Башкы прокуратура маалыматына ылайык, 2 кабаттан турган 5 батирлүү турак-жайдын курулушу өткөн жылы жайында башталган.
Кечээ салтанаттуу түрдө үйлөрдүн ачкычтары 5 үй-бүлөгө тапшырылды.