Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу лампа заводунун кубаттуулугу жогорулатылат

Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу лампа заводунун кубаттуулугу жогорулатылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Андан белгилешкендей, учурда завод 30 пайызга гана иштеп келет. Бул өндүрүлгөн лампаларды сатуудагы кыйынчылыктарга байланыштуу. 55 жыл мурда ачылган ишканада электр лампаларынын 40ка жакын түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет.