Ошто мыйзамсыз орнотулган объектилер алынат

Ошто мыйзамсыз орнотулган объектилер алынат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Навои жана Өзгөн көчөлөрүндө рейд жүргүзүлдү. Анын алкагында тротуарларды жаап, жөө жүрүүчүлөргө тоскоолдук жараткан мыйзамсыз соода түйүндөрүн бузуу чечими кабыл алынды.

 

Мындай объектилерди түрттүрүү иштери жакынкы күндөрү башталат.