АКШда фри картошкасынын жыты менен атыр чыгарылды. Чет элдик басылмалар жазышкандай, Frites by Idaho аталышындагы атыр картошканын эфир майларынан турат.
Анын 50 миллилитр флаконун 2 долларга сатып алса болот. Баасы символдук түрдө фри картошкасынын бир порциясынын наркында орнотулду. Эми атыр популярдуу болуп кетсе, өндүрүүчүлөр духовкага бышкан картошканын жыты менен духи чыгаруу ниетинде.