Президент Жапаров дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргыз экономикасындагы жагдай боюнча кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал кайрылуусун «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.   «Акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга карата баанын бир топ жогорулоосунан улам, өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 1-марттан 3-мартка чейин Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Андыктан, бул трассалар менен сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду. Дүйнөлүк күрөш уюмунун  маалыматына ылайык, Стамбулда өтүп жаткан биринчиликте Алмаз Сманбеков финалда грузиялык Бека Бужиашвили менен күрөшмөк.   Грузин балбаны килемге чыгып, бирок беттешүүдөн баш тартканына байланыштуу жеңиш кыргызстандыкка ыйгарылды. Коло байгелерди Улукбек Жолдошбеков, Исламбек Орозбеков… Кененирээк…

Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоо бүгүн башталат

Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоо бүгүн башталат.   Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, комендаттык саат аяктагандан кийин мекендештер дароо эвакуацияланат.   Дипломаттар кыргызстандыктарды чыгарып кетүүнүн так каттамын атаган жок. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Украинада учурга карата 1 миң 357 кыргызстандык… Кененирээк…

Бишкекте жылуулук берүү азырынча токтотулбайт

Бишкекте жылуулук берүү азырынча токтотулбайт. Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, адатта ордо калаада жылуулук сезону 5 сутка катары менен аба табы +8 градустан жогору кармалганда аяктайт. Бүгүн түндө суук болду.   Андан улам, мектеп, бала бакча, оорукана жана үйлөргө жылуулук берүүнү токтотууга эрте деген корутунду чыгарылды. Эгерде күн… Кененирээк…

Украинанын делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди

Украиналык делегация Беларустун аймагына кирди. Бул тууралуу сүйлөшүүлөрдү уюштуруп жаткандар менен жакшы мамиледеги политолог Юрий Воскресенский РИА Новости агенттигине билдирген. Анын айтымына караганда, делегация Россия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрө турган жакка багыт алды. Коопсуздук үчүн так дареги айтылбайт. «Украиналык делегация жол жүрүп келгенден кийин уктап алууну каалары… Кененирээк…

Бишкекте жаздын алгычкы күнү нымдуу бирок, жылуу болот

Бишкекте жаздын алгычкы күнү нымдуу бирок, жылуу болот. Синоптиктердин маалыматы боюнча, 1-2-мартта ордо калаада асманды ала булут каптайт. Эртең күн бою майда жамгыр себелейт, абанын температурасы +13…15 градуста кармалат. Бирок шаршембиде бүркөк болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 3-марттан тартып күн чыгат, абанын табы +20 градуска… Кененирээк…

Бишкекте эки округда өткөн кайра шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат.

Бишкекте эки округда өткөн кайра шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат. БШКнын маалыматына ылайык, эки шайлоо округдары боюнча жалпысынан 120 автоматтык эсептөө үкөгүнөн маалымат чогултулду. Ага ылайык, Биринчи май округу боюнча 46,09 пайыз менен Эльвира Сурабалдиева алдыга чыкса, Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев 17,54 пайыз… Кененирээк…

Россияга санкция киргизгендердин катарын эми FIFA толуктайт

Россияга санкция киргизгендердин катарын эми FIFA толуктайт. Россиялык футболчуларга FIFAнын беттештерине катышууга тыюу салынган жок. Бирок Россиянын мамлекеттик туусу менен гимни колдонулбайт, FIFAга тиешелүү бардык мелдештер Россия аймагында өтпөйт. Ошондой эле команда катышкан оюндар көрүүчүлөрү жок өтөт. FIFA дагы башка чектөөлөрдү киргизүүнү UEFA жана Эл… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын наркы 97 сомго жетти

Кыргызстанда доллардын наркы 97 сомго жетти. Учурга карата америкалык валюта коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруу жайларында 94 сомдон сатып алынып, кайра 97 сомдон сатылууда. Анын ортосунда Улуттук банк орноткон курс 89 сом чегинде кармалып турат. Муну менен катар россиялык валютанын куну дагы серпилүүдө. Сатып алуу… Кененирээк…