Президент Жапаров дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргыз экономикасындагы жагдай боюнча кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал кайрылуусун «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

 

«Акыркы күндөрү эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп кетти. Баарыңыздарга маалым болгондой, күйүүчү майга карата баанын бир топ жогорулоосунан улам, өлкөбүз чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Ун жана башка дан азыктарынын баасы өтө кымбаттады. Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат».

Президент жакында улуттук валюта катуу басымга кабылышы ыктымалдыгын, акыркы кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктарга терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн эскерткен.

 

Өлкө башчынын айтымында, Министрлер кабинети каатчылыкка каршы иш-чаралар планын иштеп чыккан. Ал эң башкы максат — элди, ар бир үй-бүлөнү азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылуу экенин белгилеп, бир да талааны бош калтырбай, эгин айдоо үчүн иштер жүрүп жатканын, быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан.

 

​Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

Улуттук банк 28-февралда айрым орус банктарын SWIFT — банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрүү ыктымалдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

 

Анда Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылганы айтылат. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстандын банктарынын кардарларынын төлөмдөрүнө таасир этпей турганы жазылган.