Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 1-марттан 3-мартка чейин Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Андыктан, бул трассалар менен сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.