Бишкекте жылуулук берүү азырынча токтотулбайт

Бишкекте жылуулук берүү азырынча токтотулбайт. Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, адатта ордо калаада жылуулук сезону 5 сутка катары менен аба табы +8 градустан жогору кармалганда аяктайт. Бүгүн түндө суук болду.

 

Андан улам, мектеп, бала бакча, оорукана жана үйлөргө жылуулук берүүнү токтотууга эрте деген корутунду чыгарылды. Эгерде күн ысып кетсе, маселени атайын штаб карап, чечим кабыл алат, — дешти муниципалитеттен.