Бишкекте жаздын алгычкы күнү нымдуу бирок, жылуу болот.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 1-2-мартта ордо калаада асманды ала булут каптайт.
Эртең күн бою майда жамгыр себелейт, абанын температурасы +13…15 градуста кармалат.
Бирок шаршембиде бүркөк болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 3-марттан тартып күн чыгат,
абанын табы +20 градуска чейин жогорулайт. Түнкүсүн дагы +10 градустан төмөндөбөйт.
Мындай аба-ырайы негизинен майдын башына мүнөздүү, -деп белгилешет метеорологдор.