Россияга санкция киргизгендердин катарын эми FIFA толуктайт.
Россиялык футболчуларга FIFAнын беттештерине катышууга тыюу салынган жок.
Бирок Россиянын мамлекеттик туусу менен гимни колдонулбайт, FIFAга тиешелүү
бардык мелдештер Россия аймагында өтпөйт. Ошондой эле команда катышкан
оюндар көрүүчүлөрү жок өтөт. FIFA дагы башка чектөөлөрдү киргизүүнү UEFA жана
Эл аралык олимпиада комитети менен кеңешүүдө. Украинадагы абал турукташып,
тараптар пикирге келбесе, россиялык футболчулар бардык оюндардан
четтетилиши ыктымал, — деп кошумчалашты уюмдан.