Кыргызстандык балбан эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду. Дүйнөлүк күрөш уюмунун  маалыматына ылайык, Стамбулда өтүп жаткан биринчиликте Алмаз Сманбеков финалда грузиялык Бека Бужиашвили менен күрөшмөк.

 

Грузин балбаны килемге чыгып, бирок беттешүүдөн баш тартканына байланыштуу жеңиш кыргызстандыкка ыйгарылды. Коло байгелерди Улукбек Жолдошбеков, Исламбек Орозбеков жана Арсалан Будажапов багындырды.