Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоо бүгүн башталат

Украинадан кыргызстандыктарды эвакуациялоо бүгүн башталат.

 

Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, комендаттык саат аяктагандан кийин мекендештер дароо эвакуацияланат.

 

Дипломаттар кыргызстандыктарды чыгарып кетүүнүн так каттамын атаган жок. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Украинада учурга карата 1 миң 357 кыргызстандык бар. Ал эми консулдук кызматта 680 жаран каттоого турган.