Россиянын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстан банктарына таасирин тийгизбейт

Россиянын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстан банктарына таасирин тийгизбейт. SWIFT – бул банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык система. Улуттук банктын маалыматы боюнча, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү SWIFT системасына түздөн-түз туташтырылган. Учурда өлкөдөгү коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат. Кардарларга кызматтардын толук түрү көрсөтүлүүдө.

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы мелдеште 6 медаль багындырды

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы мелдеште 6 медаль багындырды. Күрөш федерациясынан билдиришкендей, Алмаз Сманбеков, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болсо, Улукбек Жолдошбеков, Исламбек Орозбеков жана Арсалан Будажапов коло тагынды. Күрөш боюнча эл аралык рейтингдик мелдеш кечээ Стамбулда жыйынтыкталды. Анда Кыргызстандын атынан 17 балбан… Кененирээк…

Ош шаарындагы туризмди өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 6 миллион доллар бөлүп берди

Ош шаарындагы туризмди өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 6 миллион доллар бөлүп берди. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Долбоорго ылайык, аталган суммага Улуттук драма театрдын айланасына архитектуралык инсталляцияларды куруу, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө, Алишер Навои атындагы парктын аймагына эс алуу аймагын… Кененирээк…

Россия “Евровидение 2022” ыр сынагынан четтетилди

Россия “Евровидение 2022” ыр сынагынан четтетилди. Уюштуруучулардын айтымында, биримдиктин мүчөлөрү мындай чечимди Украинадагы абалга байланыштуу россиялык катышуучу сынактын аброюна доо кетирет деген кооптонуунун негизинде кабыл алды. Белгилеп кетсек, “Евровидение” ыр сынагы 66 жылдан бери өткөрүлүп келет жана ал 600 миллионго чейин көрүүчүсү бар дүйнөдөгү эң… Кененирээк…

Бишкекте 67 мектеп эртеңден тартып кадимки тартипте иштеп баштайт

Бишкекте 67 мектеп эртеңден тартып кадимки тартипте иштеп баштайт. Мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, Свердлов жана Биринчи Май райондорунда өткөн кайра добуш берүүгө байланыштуу шайлоо тилкелери жайгашкан билим берүү мекемелери бүгүн жабык. Аларда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт. Андан улам, аталган мектептердин окуучулары убактылуу онлайн форматта… Кененирээк…

ЕвроБиримдик россиялык учактарга аба жолдорун толук жабат

ЕвроБиримдик россиялык авиа компанияларга жана жеке менчик учактарга аба жолдорун толук жабат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен билдирди. Мындай чечим шаркеттин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынынан кийин кабыл алынды. Ага ылайык, россиялык учактарга ЕвроБиримдиктин аймагында конууга, учууга же учуп өтүүгө болбойт. Эске… Кененирээк…

Кыргызстанда чет элдик валюталар курсунун серпилүүсү уланууда

Кыргызстанда чет элдик валюталар курсунун серпилүүсү уланууда. Бүгүн эртең мененки маалымат боюнча, рублдун куну кескин төмөндөдү, учурда аны сатып алуу 65 тыйынга бааланса, сатуу 1 сом 15 тыйынга барабар. Ал эми долларды сатып алуу 89-90 сом болсо, сатуу 91 сомго теңелди. Муну менен катар евро… Кененирээк…

Бишкектин эки округдарында өткөн кайра шайлоого добуш берүүчүлөр аз санда катышты

Бишкектин эки округдарында өткөн кайра шайлоого добуш берүүчүлөр аз санда катышты. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, Биринчи май округунда шайлоочулардын 17, 67 пайызы Свердлов округунда 31, 02 пайызы добуш берди. Муну менен жалпысынан тизмеге кирген 220 миң жарандын 53 миңи гана шайлоого катышты. Автоматтык эсептөө системасынын… Кененирээк…

Юридикалык тараптар үчүн Бирдиктүү декларацияны тапшырууга берилген мөөнөт бүгүн аяктайт

Юридикалык тараптар үчүн Бирдиктүү декларацияны тапшырууга берилген мөөнөт бүгүн аяктайт. Салык кызматынан эскертишкендей, бүгүн кечке чейин уюмдар, чарбачылыктар жана чет элдик компаниялар кирешеси боюнча отчетторду тапшырышы зарыл. 1-мартка чейин Бирдиктүү декларацияны тапшырбагандарга 5 миң сомдук айып салынат.

Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Украинадан чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, биздин мекендештердин тобу Украина-Польша чек арасынан өттү. Алар аталган өлкөдө мейманканага жайгаштырылды. Ал эми Украина-Молдавия чек арасынан өткөн кыргызстандыктар Кишинев менен Леордоая аймагында. Ведомстводон белгилешкендей, Украинадагы кыргызстандыктар үчүн Киевдеги элчиликте, Львов жана Одесса шаарларында… Кененирээк…