Криштиану Роналду расмий беттештердеги голдор боюнча рекорд орнотту

Криштиану Роналду расмий беттештердеги голдор боюнча рекорд орнотту. “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу АПЛдин 29-турунун алкагында “Тоттенхэм” менен беттеште хет-трик жасады. Эми анын жеке эсебиндеги голдордун саны 807ге жетти.

 

Бул футбол тарыхындагы абсолюттук рекорд. Буга чейинки эң мыкты көрсөткүч Австриянын оюнчусу Йозеф Бицанга таандык болчу – 805 гол.