Кыргызстанда 1-апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга көтөрүлөт. Буга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ишендирди.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлердин базалык маянасы 15 миң сомду түзүп калат. Ал эми медицина кызматкерлеринин минималдык айлыгы 11 миң сомдон кем болбойт, — деди министр.