Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө дале күчүндө

Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө дале күчүндө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассанын 198-255-чакырымдарында кардын калыңдыгы    10 сантиметрге жетти жана ал токтобой жаап жатат. Жеринде жолчулар иштеп, жолду кардан арылтып, техникалык туз себилүүдө.

 

Кырсыктарды алдын алуу максатында жеңил унаалар түйүндөн 500 метрлик аралык менен өткөрүлсө, жүк ташуучу машинелер убактылуу өткөрүлбөйт.