Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 15-мартка чейин Бишкек – Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу, Казарман — Актал-Чат жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.   Андыктан,… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуунун шарттары өзгөрүүсүз калды

Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуунун шарттары өзгөрүүсүз калды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдиргендей, абитуриенттер жанында паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келиши керек. Эки учурда тең документтердин көчүрмөсү эмес, түп нускасы талап кылынат.   Андан тышкары, бүтүрүүчүлөр окуган мектебинен маалымкат алып… Кененирээк…

Украинадан чыгып кеткен кыргызстандыктарга мекенине кайтуу үчүн жашыл коридор берилди

Украинадан чыгып кеткен кыргызстандыктарга мекенине кайтуу үчүн жашыл коридор берилди. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. Ал белгилегендей, эгер жарандар Европа аймагында мыйзамсыз калса же мыйзамдаштырууга аракет көрсө, жоопкерчиликти эске алып, учурда жайгашкан мамлекетинин мыйзамдарына толук баш ийиши керек.   Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл жолдорду оңдоого 16,5 миллиард сомдон ашык бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл жолдорду оңдоого 16,5 миллиард сомдон ашык бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 600 чакырымдан ашык жол катмары жаңыртылат.   Бийликтен белгилешкендей, ошондой эле тиешелүү инфраструктураны түзүүгө каражат каралган. Кеп май куюучу станциялардын, медициналык түйүндөрдүн жана коомдук тамактануу жайлардын курулушу тууралуу… Кененирээк…

Жети-Өгүз районуна жаңы аким дайындалды

Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Мураталы Тагаев буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри, шаардык кеңешинде депутат, төрага болуп иштеген. Жети-Өгүз районун буга чейин Руслан Мейматкулов башкарып келген.

Өлкөдө бир жумада 21 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өлкөдө бир жумада 21 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, инспекторлор жол кырсыктарынын жана жол эрежелеринин одоно бузулушун алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Анын жыйынтыгында, унааны ылдамдыгынан ашыра айдагандар, тиешелүү документтерсиз руль башкаргандар, жол белгилеринин талаптарын… Кененирээк…

Бишкек-Ош трассасынын Токтогул районундагы бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкек-Ош трассасынын Токтогул районундагы бөлүгү убактылуу жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, аталган тилкеге бүгүн узундугу 150 метр кар көчкү түштү. Жабыркагандар жок. Учурда атайын техника жолду тазалоодо. Эгер айдоочуларда зарыл иш болбосо тоолуу аймактарга барбай турууну сунушталат.

Жасалма димплому бар 16 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кетти

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 4 депутаты, Ички иштери органдарынын 10 кызматкери, Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери жана шаарлардын биринин мэри жасалма диплом алган деп шектелүүдө. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факт боюнча учурда 16 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өз каалоосу менен жумуштан кетти. Ведомство Кыргызстандын… Кененирээк…

Өлкөдө жыл башынан бери инфляция дээрлик 2 пайызды түздү

Өлкөдө жыл башынан бери инфляция дээрлик 2 пайызды түздү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, эки айда азык-түлүккө баа 1,8 пайызга кымбаттады. Маалыматка ылайык, эң көп сүт, жашылча, балык, макарон жана башка дан азыктарынын баалары көтөрүлдү. Ал эми бир жылдык инфляция дээрлик 11 пайызды түздү. Бул… Кененирээк…

Кыргызстанда чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30 пайызга өстү

Кыргызстанда чет элдик түз инвестициянын агымы дээрлик 30 пайызга өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Бирок Жапаров учурдагы татаал шарттарда инвестицияларды тартуу, республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ишин толугу менен кайрадан карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.