Кыргызстанда дары-дармектин 2-3 айга жете турган запасы бар

Кыргызстанда дары-дармектин 2-3 айга жете турган запасы бар. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыздоо  департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев билдирди.

 

Анын айтымында, өлкөдө жетишсиздикти алдын алуу үчүн өтө зарыл препараттарды каттоосу жок Кыргызстанга алып келүү боюнча долбоор даярдалды. Учурда ал макулдашууда. Доллардын куну кескин өсүп кеткендиктен,  бааларга көзөмөл жүргүзүүнү 5 айга токтотуу пландалып жатат, — деди Кагаздиев.