Жалпы республикалык тестирлөөдө 8 предметтик тест сунушталат

Жалпы республикалык тестирлөөдө 8 предметтик тест сунушталат. Алар тууралуу кененирээк Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “8 предметтик тест бар. алардын ичинен медициналык адистиктерге тапшыра тургандарга химия жана биология боюнча предметтик тесттер милдеттүү болуп саналат. Предметтик тесттердин саны… Кененирээк…

Доллар дагы эле арзандап жатат

Доллар дагы эле арзандап жатат. Учурга карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 96 сомго сатып алып, кайра 99 сомго сатышууда. Белгилеп кетсек, февралдын ортосунан бери доллар кунун бекемдеп гана келген.   Анда ал 84 сомдук позициядан дароо 107 сомго чейин… Кененирээк…

Японияда сакура гүлдөй баштады

Японияда сакура гүлдөй баштады. Ал гүл ачкан маалда жергиликтүү тургундар көчөгө чыгып, үй-бүлөлөрү жана кесиптештери менен пикниктерге чогулушат. Бирок акыркы эки жылдан бери бак-дарактарга суктануу эпидемиологиялык оор кырдаалдан улам чектелүү болду.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан Novosti.kgге билдиришкендей, аталган жолдун 296-297 чакырымында тактап айтканда, Долон ашуусунда бүгүн кар көчкү түшүп, кыймылга чектөө киргизилди. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүүдө.

Эртең өлкөнүн мектеп окуучулары үчүн үчүнчү чейректеги акыркы окуу күнү

Эртең өлкөнүн мектеп окуучулары үчүн үчүнчү чейректеги акыркы окуу күнү. 19-марттан баштап балдар жазгы каникулга чыгышат. Эс алуу 28-мартка чейин уланат. Бул тууралуу бизге Билим берүү министрлигинен кабарлашты. Ведомстводогулар сентябрда окуу жылынын эки жумага жылдырылышына байланыштуу быйылкы окуу 8-июнда аяктай турганын белгилешти. Ал эми акыркы… Кененирээк…

Өкмөттүн кризиске каршы планы эмнеге багытталган?

Министрлер кабинетинин кризиске каршы планы каржы рыногун турукташтырууга, айыл чарбасын колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, ошондой эле айрым тармактар ​​үчүн чийки затты импорттоодо салык жүгүн жеңилдеткен ченемдик актылар кабыл алынып, товарлардын айрым түрлөрүнө кошумча нарк салыгы алып… Кененирээк…

Уставдык капиталы 1 миллиард сомго жеткен Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды

Уставдык капиталы 1 миллиард сомго жеткен Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды. Маданият министрлигинин маалыматына караганда, фонд региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу, өлкөнүн алыскы аймактарында кошумча жумуш орундарын түзүү, калктын аялуу катмарын, тактап айтканда, аялдарды окутуу программаларын жана мастер-класстарды өткөрүү менен алектенет.… Кененирээк…

Кыргызстан билим берүү тармагы үчүн 32 миллион евро грант алат

Кыргызстан билим берүү тармагы үчүн 32 миллион евро грант алат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, каражатты Евробиримдик бөлүп берет. Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашуу министр Алмазбек Бейшеналиев менен Европа Биримдигинин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрдин жолугушуусунда талкууланды. Ведомстводон белгилешкендей, келишим 2023-2027-жылдарга эсептелет.  

Кыргызстандыктар Улуу Британияда сезондук жумушчу боло алышат

Кыргызстандыктар Улуу Британияда сезондук жумушчу боло алышат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аталган өлкөдө айыл чарба кызматкерлеринин мамлекеттик программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө. Бул жалаң… Кененирээк…

Кыргызстанда дандын запасы 6-7 айга жетет, мындан тышкары Россия дагы 300 миң тонна буудай берет

Кыргызстанда дандын запасы 6-7 айга жетет, мындан тышкары Россия дагы 300 миң тонна буудай берет. Бул тууралуу кечээ кризиске каршы форумда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, айрым товарлардын жетишсиздигине байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай негиз жок. Биз жеткирүүчүлөр ассоциациясы менен социалдык… Кененирээк…