Кыргызстанда дандын запасы 6-7 айга жетет, мындан тышкары Россия дагы 300 миң тонна буудай берет

Кыргызстанда дандын запасы 6-7 айга жетет, мындан тышкары Россия дагы 300 миң тонна буудай берет.

Бул тууралуу кечээ кризиске каршы форумда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, айрым товарлардын жетишсиздигине байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай негиз жок.

Биз жеткирүүчүлөр ассоциациясы менен социалдык маанидеги продукцияны, биринчи кезекте данды жеткирүү боюнча иштеп жатабыз.

Ун тегирменчилер ассоциациясы менен бирге көрүлгөн чаралардын негизинде 6-7 айга чейин запастарды топтой алдык, — деди министр.