Кыргызстан билим берүү тармагы үчүн 32 миллион евро грант алат

Кыргызстан билим берүү тармагы үчүн 32 миллион евро грант алат.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, каражатты Евробиримдик бөлүп берет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашуу министр Алмазбек Бейшеналиев менен Европа Биримдигинин өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрдин жолугушуусунда талкууланды. Ведомстводон белгилешкендей, келишим 2023-2027-жылдарга эсептелет.