Кыргызстандыктар Улуу Британияда сезондук жумушчу боло алышат

Кыргызстандыктар Улуу Британияда сезондук жумушчу боло алышат.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аталган өлкөдө айыл чарба кызматкерлеринин мамлекеттик программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бүгүнкү күндө мекендештерди мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу максатында дүйнөнүн алдыңкы экономикасына ээ болгон Улуу Британия мамлекети менен кызматташуу түзүлүүдө.

Бул жалаң эле каражат табуу эмес, жергиликтүү маданият жана эмгек этикасы, алдыңкы технологиялар жана башка жаңычылдыктар менен таанышууга да шарт түзөт, — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Кошумчаласак, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин республикага кайтып келүүгө милдеттүү.