Доллар дагы эле арзандап жатат

Доллар дагы эле арзандап жатат. Учурга карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 96 сомго сатып алып, кайра 99 сомго сатышууда. Белгилеп кетсек, февралдын ортосунан бери доллар кунун бекемдеп гана келген.

 

Анда ал 84 сомдук позициядан дароо 107 сомго чейин жеткен. Бирок кечээтен бери ал кайрадан арзандап баштады. Улуттук банк сомдун кунун колдоо максатында акыркы интервенциясын 10-мартта жүргүзгөн.