Уставдык капиталы 1 миллиард сомго жеткен Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды

Уставдык капиталы 1 миллиард сомго жеткен Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, фонд региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу, өлкөнүн алыскы аймактарында кошумча жумуш орундарын түзүү, калктын аялуу катмарын, тактап айтканда, аялдарды окутуу программаларын жана мастер-класстарды өткөрүү менен алектенет.

Ошондой эле, туристтик жайлардын базасында элди иш менен камсыз кылуу, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жаатында иш алып барат.