Кыргызстанда доллар акырындап арзандоодо

Кыргызстанда доллар акырындап арзандоодо. Бир катар коммерциялык банктардагы америкалык валютанын куну бир сутка ичинде 3-3,5 сомго төмөндөдү. Азыр долларды сатып алуу 97-100 сомдон болсо, 100-103 сомдон сатылууда. Улуттук банк тарабынан расмий курс 104 сом 96 сом деп белгиленген. Эске салсак, Россия-Украина ортосундагы согуштук аракеттер башталып,… Кененирээк…

Нарында азык-түлүк жарманкеси өтөт

Нарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, иш-чара 19-мартта Нарын шаарындагы борбордук аянтта эртен мененки саат 10дон түшкү 2ге чейин болот. Азык-түлүк бааларынын негизсиз көтөрүлүшүн жөнгө салуу максатында уюштурулган жарманкеде керектүү товарды дүң баада сатып алса болот.

Ордо калаада калк каттоо үчүн 67 стационардык пункт ачылат

Ордо калаада калк каттоо үчүн 67 стационардык пункт ачылат. Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаары боюнча 4 миң убактылуу кызматкер эл каттоого тартылат. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак жай каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин болот. Каттоодон Кыргызстандын бардык жарандары, анын аймагында жүргөн чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жоктор,… Кененирээк…

Акыркы бир жумада Кыргызстанда кумшекер дээрлик 25 пайызга кымбаттады

Акыркы бир жумада Кыргызстанда кумшекер дээрлик 25 пайызга кымбаттады. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 9-мартта продукциянын наркы 74 сом болсо, 16-мартта 92 сом 89 тыйынга көтөрүлдү. Канттын баасы эң көп Таластын Покровка айылында, Балыкчыда жана Жалал-Абадда кымбаттады. Баанын минималдуу өсүшү Ош шаарында жана Токмокто катталды.… Кененирээк…

Украинадан эвакуацияланган 79 кыргызстандык мекенге эртең учуп келет

Украинадан эвакуацияланган 79 кыргызстандык мекенге эртең учуп келет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эл аралык миграция уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул топтогу кыргызстандыктардын жарымы Прагадан Бишкекке, калганы түштүк борборго учушат. Белгилеп кетсек, аталган уюм Украинадан эвакуацияланып, каржылык оор абалга кептелген кыргыздарга учак билеттерин сатып алууга көмөктөшкөн.… Кененирээк…

Садыр Жапаров Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: «Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири — 2002-жылдагы Аксы окуясы. Ошол учурда бийлик бутактарында карама-каршылыктар күчөп, реформалар… Кененирээк…

Өзбекстан эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүктөрдөн ПЦР-тест талап кылууну токтотту

Өзбекстан эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүктөрдөн ПЦР-тест талап кылууну токтотту. Тиешелүү чечимди Республикалык атайын комиссия кабыл алды. Ага ылайык, эмделгени тууралуу маалымкаты жок жарандардан гана соңку 72 саат ичинде жасалган ПЦР тест талап кылынат. Мындан тышкары, Өзбекстан менен Казакстан жарандары үчүн чек ара өткөрмө бекеттери ачылды.… Кененирээк…

Ош облусунун бир катар райондорунда бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт

Ош облусунун бир катар райондорунда бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт. Novosti.kgге “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жарык кечки саат 5ке чейин Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу райондорундагы айрым айыл өкмөттөрдө, шаардагы 20дан ашык көчөдө жок болот. Убактылуу чектөөлөр капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу.

Ала-Арча суу сактагычында балык чарбасы түзүлөт

Чүй облусундагы Ала-Арча суу сактагычында балык чарбасы түзүлөт. Economist.kg басылмасынын маалыматына караганда, аталган суу сактагычта балык чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча келишимге кол коюлду. Белгиленгендей, андагы инвестициянын көлөмү 60 миллион сомго жакын. Өлкөдө балык уулоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 25… Кененирээк…

Кумшекер менен өсүмдүк майына товардык интервенция жүргүзүү тапшырылды

Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майына товардык интервенция жүргүзүү тапшырылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Ага ылайык, кумшекерге минималдуу дүң баа 1 килограммына 65 сом, өсүмдүк майы литрине 124 сом деп белгиленди.