Өкмөттүн кризиске каршы планы эмнеге багытталган?

Министрлер кабинетинин кризиске каршы планы каржы рыногун турукташтырууга, айыл чарбасын колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, ошондой эле айрым тармактар ​​үчүн чийки затты импорттоодо салык жүгүн жеңилдеткен ченемдик актылар кабыл алынып, товарлардын айрым түрлөрүнө кошумча нарк салыгы алып салынды.

Министр бул кадам учурда болуп жаткан баалардын өсүшүн жөнгө салышы керек, — деп эсептейт.