Ала-Арча суу сактагычында балык чарбасы түзүлөт

Чүй облусундагы Ала-Арча суу сактагычында балык чарбасы түзүлөт.

Economist.kg басылмасынын маалыматына караганда, аталган суу сактагычта балык чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жеке өнөктөштүк боюнча келишимге кол коюлду.

Белгиленгендей, андагы инвестициянын көлөмү 60 миллион сомго жакын.

Өлкөдө балык уулоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 25 жылдан кем эмес.