Нарында азык-түлүк жарманкеси өтөт

Нарында азык-түлүк жарманкеси өтөт.

Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, иш-чара 19-мартта Нарын шаарындагы борбордук аянтта эртен мененки саат 10дон түшкү 2ге чейин болот. Азык-түлүк бааларынын негизсиз көтөрүлүшүн жөнгө салуу максатында уюштурулган жарманкеде керектүү товарды дүң баада сатып алса болот.