Акыркы бир жумада Кыргызстанда кумшекер дээрлик 25 пайызга кымбаттады.
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 9-мартта продукциянын наркы 74 сом болсо, 16-мартта 92 сом 89 тыйынга көтөрүлдү.
Канттын баасы эң көп Таластын Покровка айылында, Балыкчыда жана Жалал-Абадда кымбаттады.
Баанын минималдуу өсүшү Ош шаарында жана Токмокто катталды. Ошол эле учурда Өзгөн жана Кербен шаарларында кумшекердин баасы өзгөргөн жок.
Аталган аймактарда 75 сомдон сатылууда.