Өзбекстан эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүктөрдөн ПЦР-тест талап кылууну токтотту

Өзбекстан эмдөөдөн өткөн чет өлкөлүктөрдөн ПЦР-тест талап кылууну токтотту.

Тиешелүү чечимди Республикалык атайын комиссия кабыл алды.

Ага ылайык, эмделгени тууралуу маалымкаты жок жарандардан гана соңку 72 саат ичинде жасалган ПЦР тест талап кылынат.

Мындан тышкары, Өзбекстан менен Казакстан жарандары үчүн чек ара өткөрмө бекеттери ачылды.

Эки мамлекет ортосунда эл аралык темир жол жана автобус каттамдары калыбына келитирилүүдө.