Украинадан эвакуацияланган 79 кыргызстандык мекенге эртең учуп келет

Украинадан эвакуацияланган 79 кыргызстандык мекенге эртең учуп келет.

Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эл аралык миграция уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул топтогу кыргызстандыктардын жарымы Прагадан Бишкекке, калганы түштүк борборго учушат.

Белгилеп кетсек, аталган уюм Украинадан эвакуацияланып, каржылык оор абалга кептелген кыргыздарга учак билеттерин сатып алууга көмөктөшкөн.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, согуштук аракеттер башталгандан бери аталган мамлекеттен 600гө жакын кыргызстандык эвакуацияланды.

Бул өлкөдө согуш уланууда.