Кыргызстанда доллар акырындап арзандоодо.
Бир катар коммерциялык банктардагы америкалык валютанын куну бир сутка ичинде 3-3,5 сомго төмөндөдү.
Азыр долларды сатып алуу 97-100 сомдон болсо, 100-103 сомдон сатылууда.
Улуттук банк тарабынан расмий курс 104 сом 96 сом деп белгиленген.
Эске салсак, Россия-Украина ортосундагы согуштук аракеттер башталып, Россияга санкциялар киргизилгенден кийин Кыргызстанда доллардын курсу кескин кымбаттап, 84 сомдук позициядан 107 сомго чейин жеткен.