Улуттук банк доллардын баасынын төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук банк доллардын баасынын төмөндөшү боюнча түшүндүрмө берди.

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин өкүлү Аида Карабаева жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына билдиргендей, буга чейин долларга суроо-талап кандайдыр бир деңгээлде ажиотаж жана паникалык реакциядан улам болду.

Учурда накталай сом керек болуп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш, эми кайра тескерисинче болуп жатат.

Андыктан мындай кырдаалдарда шашылыш бүтүмдөрдү чыгаруудан этияттаныш керек, — деди Карабаева.