Бишкек — Ош унаа жолунда атайылап кар көчкү түшүрүү иштери эртең да уланат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бийик тоолуу райондорунда катуу жааган жаандын кесепетинен Төө-Ашуу жана Ала-Белдин Чычкан капчыгайында кар көчкү жүрүү коркунучу жаралды.
Учурда 13 жерден кар көчкү атайылап түшүрүлдү.
Ведомство жарандарга алыскы жолго чыгуу алдында дөнгөлөк чынжыры, жылуу кийим, дары-дармек, жетиштүү тамак-аш алууну эскертет.
Кырсык катталган учурда 112 номерине кайрылса болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.