Оштун бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулду.
“Ошсууканал” ишканасынын маалыматына караганда, нѳшѳрлѳп жааган жаандын айынан Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү токтотулду. Суу негизинен борбордук көчөлөрдө өчүрүлдү.
Мындай чара Ак-Буура дарыясындагы суунун нормадан жогору болгондугуна байланыштуу көрүлдү.
Мэрия суу өчө элек аймактарда таза суу камдап алууну өтүнөт.