Чоң-Алайда 20 турак жайды суу каптоо коркунучу жоюлду.
Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, кечээ Жар-Башы айылындагы 12 чакырым ички чарбалык жолдорду,
20 турак үйдү, 20 короо-сарай жана 10 жер төлөнү суу каптоо коркунучу жаралган.
Кооптуулукту жоюу максатында 17 куткаруучу, райондук жарандык коргонуу кызматтары менен жергиликтүү калк тартылып, сунун нугу бурулду.