Кербендеги аэропорт ушул жылы ишке кириши күтүлүүдө

Кербендеги аэропорт ушул жылы ишке кириши күтүлүүдө.

Бул тууралуу Novosti.kgге райондун акими Замирбек Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, аба майданды жандандыруу үчүн 30 миллион сомдун тегерегиндеги каражат талап кылынат.

Абалды жеринде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көрүп кетти.

Эске салсак, Аксы районунун Кербен шаарындагы аэрпороттун иши 2007-жылы токтогон.

Аны калыбына келтирүү маселеси 2015-жылдан бери көтөрүлүп келет.