Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен сертификаттар болжол менен 25-июнда тапшырылат

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен сертификаттар болжол менен 25-июнда тапшырылат. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Жыйынтыктар адатта бизде тест тапшыргандан кийинки 1 айда даяр болот. Эгерде биз майдын 23нөн 28ине чейин тестти кабыл… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында абал турукташып, эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтууда

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында абал турукташып, эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жакындарынын үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болгон 17 миң 799 адамдын ичинен 8 миң 687си үйлөрүнө келди.   Бул иштерге 80ге жакын куткаруучу жана атайын техника тартылды.   Эске салсак,… Кененирээк…

Москвада 11 жаштагы мектеп окуучусу ата-энесинин сейфинен досторуна дээрлик 2 млн рубль таратып берген

Москвада 11 жаштагы мектеп окуучусу ата-энесинин сейфинен 6 айдын ичинде досторуна дээрлик 2 миллион рубль таратып берген. Алар кызынын бул кылганын 2-апрелде гана билишкен. Алгач жубайлар акча тонолгон деп ойлошкон. Кийин 5-класста окуган кыз досторуна жардам берүү үчүн акча бергенин мойнуна алган. Аны эч ким… Кененирээк…

Быйыл 11-классты 67 миң окуучу аяктайт

Быйыл 11-класстын 67 миң окуучу аяктайт. Анын ичинен 8 миңден бир аз ашыгы Бишкек шаарында. Ал эми 9-классты 106 миңден ашык окуучу бүтүрөт. Алардын ичинен 14 миңден ашууну борбор калаанын мектептеринин окуучулары, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен. Эске салсак, билим берүү мекемелеринде быйылкы окуу… Кененирээк…

Кыргызстанда заманбап куткаруучулар тобу пайда болду

Кыргызстанда заманбап куткаруучулар тобу пайда болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүндөгү жаңы бөлүм альпинисттердин жана экстремалдык эс алууну сүйүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздайт. Адистер 3 миң метрден өйдө бийиктикте иштешет. Топко эң квалификациялуу куткаруучулар эл аралык стандарттарга ылайык тандалып алынды. Алар кырсык болсо бир-эки сааттын ичинде жардамга келишет.… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек ара чыры боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы Лейлекте өтүүдө

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетиндеги эки тараптуу сүйлөшүү жыйынтыкталды. Анын алкагында окуянын себебин биргеликте иликтөө, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүү, эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегацияларынын кийинки жолугушуусун Лейлек районунда өткөрүү макулдашылганын бизге президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Эске… Кененирээк…

Нарындагы “Куланак” ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

Нарындагы “Куланак” ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 МВт деп белгиленген ГЭСти куруу жана эксплуатациялоо долбоорун жоопкерчилиги чектелген коом өз каражатына ишке ашырат. Сметалык документация боюнча курулуштун мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун  бийиктиги 27 метрди түзөт.

Кыргызстанда унааларды видекаттоо менен камсыздоо жөнүндө мыйзам чыгат

Кыргызстанда унааларды видекаттоо менен камсыздоо жөнүндө мыйзам чыгат. Документтин долбоорун Ички иштер министрлиги даярдайт. Демилге ишке ашса, жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет. Аталган ченемди 2025-жылга… Кененирээк…

Парламентте жаңы депутат Абдыбахаб Боронбаев ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынан депутат болуп келген Абдыбахаб Боронбаев ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Парламенттин басма сөз кызматынан такташкандай, ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.