Баткенде кыргыз-тажик чек арасында абал турукташып, эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтууда

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында абал турукташып, эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жакындарынын үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болгон 17 миң 799 адамдын ичинен 8 миң 687си үйлөрүнө келди.

 

Бул иштерге 80ге жакын куткаруучу жана атайын техника тартылды.

 

Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атышуу болду.