Москвада 11 жаштагы мектеп окуучусу ата-энесинин сейфинен досторуна дээрлик 2 млн рубль таратып берген

Москвада 11 жаштагы мектеп окуучусу ата-энесинин сейфинен 6 айдын ичинде досторуна дээрлик 2 миллион рубль таратып берген.

Алар кызынын бул кылганын 2-апрелде гана билишкен.

Алгач жубайлар акча тонолгон деп ойлошкон.

Кийин 5-класста окуган кыз досторуна жардам берүү үчүн акча бергенин мойнуна алган.

Аны эч ким коркутуп, күч менен каражат талап кылган эмес.

Болгону ал акчасы жок досторун аяганын айткан.

Бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Полиция окуяга катыштыгы бар балдардын өздүгүн аныктады.