Быйыл 11-классты 67 миң окуучу аяктайт

Быйыл 11-класстын 67 миң окуучу аяктайт.

Анын ичинен 8 миңден бир аз ашыгы Бишкек шаарында.

Ал эми 9-классты 106 миңден ашык окуучу бүтүрөт.

Алардын ичинен 14 миңден ашууну борбор калаанын мектептеринин окуучулары, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.

Эске салсак, билим берүү мекемелеринде быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталгандыктан, акыркы коңгуроо болжол менен 9-июнда кагылат.