Кыргыз-тажик чек ара чыры боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы Лейлекте өтүүдө

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетиндеги эки тараптуу сүйлөшүү жыйынтыкталды.

Анын алкагында окуянын себебин биргеликте иликтөө, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүү, эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегацияларынын кийинки жолугушуусун Лейлек районунда өткөрүү макулдашылганын бизге президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эске салсак, кечээ кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду.

Ушул тапта аймакта кырдаал туруктуу.

Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.