Бийлик Ысык-Көл облусунун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн донорлордон 144 млн доллар карыз алат

Бийлик Ысык-Көл облусунун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкынан насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин аймакта өткөн көчмө жыйынында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, Азия өнүктүрүү банкы 44 миллион долларга тазалоочу жайларды реконструкциялоо боюнча долбоорду даярдап жатат. Анын… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктады

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу 13-апрелге караган түнү башталган эки тараптуу сүйлөшүү аяктады. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде уюштурулган жолугушуу болжол менен 5-6 саатка созулду. Учурга карата кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Эске салсак, кечээ кечинде кыргыз-тажик чек арасында… Кененирээк…

Индиянын түндүк-батышында аномалдуу ысык аба-ырайы болууда

Индиянын түндүк-батышында аномалдуу ысык аба-ырайы болууда. Метеорологдордун айтымында, экстремалдык фронт адаттагыдан бир нече жума эрте келди. Ошентип, бир күн мурун борбордо термометрлер 40 градустан ашты. Синоптиктердин айтымында, кургак мезгил жыл сайын жүздөгөн адамдардын өмүрүн алат жана анын интенсивдүүлүгү акыркы он жылда бир топ күчөдү. Нью-Делиде… Кененирээк…

Жалал-Абадга Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 13 тонна өсүмдүк майы жеткирилди

Жалал-Абад шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 13 тонна өсүмдүк майы жеткирилди. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, өсүмдүк майынын 5 литри 675 сомдон сатылууда. Белгилеп кетсек, бир адамга 5 литр гана май сатылат. Аймактагы муниципалдык базар саат 9дан кечик 5 жарымга чейин иштейт.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткен жана Согди облусунун милиция кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө. Ошондой… Кененирээк…

ӨКМ: Баткенде жалпысынан 644 адам эвакуацияланды

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-апрелде саат 19:20лар чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Малыматка ылайык, Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (53 эркек, 246 аял, 345 жаш… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда жаздык эгин аз айдалды

Быйыл Кыргызстанда жаздык эгин аз айдалды. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, март айындагы аба ырайынын туруксуз шарттары, тагыраагы, температуранын төмөндөшү менен жаан-чачындын көп болушу жазгы талаа иштеринин темпинин төмөндөшүн шарттады. Маалыматка ылайык, быйыл республика боюнча жалпысынан 78 миң гектардан ашык жаздык эгин айдалды, бул былтыркыга караганда… Кененирээк…

Нарын шаарына туристтик маалымат борбор курулат

Нарын шаарына туристтик маалымат борбор курулат. Бизге облустук администрациядан такташкандай, бул үчүн жаңы түптөлгөн сейил бактын жанынан жер аянты бөлүнүп, учурда курулушту пландоо иштери жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланат. Бирок азырынча канча акча жумшалары белгисиз.

Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

Токтогул районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылат. Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, буга чейин аймактагы калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү шаардык маданият үйүнүн имаратында жайгашып, бөлмөлөрдүн тардыгынан кызматкерлерге жана жарандарга ыңгайсыздык жаралып келген. Калкты тейлөө борборундагы шарттарды жакшыртуу максатында, учурда Токтогул шаарындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Чек ара кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, тараптар жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча куралдуу күчтөрдү кайра артка чыгарууну макулдашты. Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө. Эске салсак, кечээ кечинде кыргыз-тажик… Кененирээк…