Кыргызстанда заманбап куткаруучулар тобу пайда болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүндөгү жаңы бөлүм альпинисттердин жана экстремалдык эс алууну сүйүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздайт.
Адистер 3 миң метрден өйдө бийиктикте иштешет.
Топко эң квалификациялуу куткаруучулар эл аралык стандарттарга ылайык тандалып алынды.
Алар кырсык болсо бир-эки сааттын ичинде жардамга келишет.
Быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги командага тик учак сатып алат.