Кыргызстанда унааларды видекаттоо менен камсыздоо жөнүндө мыйзам чыгат

Кыргызстанда унааларды видекаттоо менен камсыздоо жөнүндө мыйзам чыгат.

Документтин долбоорун Ички иштер министрлиги даярдайт.

Демилге ишке ашса, жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет.

Аталган ченемди 2025-жылга чейин ишке киргизүү сунушталды.

Кошумчаласак, Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын машине катталган.